5200 ыкчам номери: Зомбулукка кабылгандарга күнү-түнү иштей баштады

08:00, 28 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандар жана адам сатуунун курмандыктары үчүн «5200» ыкчам линиясы ишке кирди. Маалыматты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган социалдык долбоор үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатуунун курмандыктарына кабылган аялдарга жана кыз-келиндерге жардам көрсөтүүгө багытталган.

«5200 номерине чалуу аркылуу ар бир жаран акысыз, анонимдүү жана купуя жардам ала алат», — деп айтылат маалыматта.

Линияда зомбулукка байланышкан маселелер, кризистик кырдаалдар жана психологиялык колдоо боюнча атайын даярдыктан өткөн кесипкөй психологдор жана консультанттар иштешет.

Ыкчам линия суткасына 24 саат, жуманын 7 күнү, өлкө аймагында бардык мобилдик операторлор аркылуу жеткиликтүү.

Ыкчам линиянын негизги багыттары:

  • зомбулуктун жана эксплуатациянын курмандыктарына психологиялык колдоо көрсөтүү;
  • жабыркагандардын укуктарын коргоо жана жеткиликтүү кызматтар тууралуу маалымат берүү;
  • коопсуз жайга, медициналык жана юридикалык жардамга кайрылуу жолдору боюнча кеңеш берүү;
  • зомбулукка күбө болгон адамдарга жана жабыркагандардын жакындарына колдоо көрсөтүү.