УКМКнын Академиясына курсанттарды кабыл алуу башталат. Кимдер тапшыра алат?

08:30, 28 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин А.Бакаев атындагы академиясы беш жылдык окуу мөөнөтүнө курсанттарды кабыл алууну жарыялайт.

Атайын кызматтан билдиришкендей, документтер 2026-жылдын 2-февралынан 27-февралына чейин кабыл алынат.

Академияга тапшырууну каалагандар 17-21 жашта, бою 1,7 метрден узун, салмагы кеминде 60 кг болушу керек.

Фото Интернеттен алынды. УКМКнын Академиясына курсанттарды кабыл алуу башталат

Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:

  • орточо баллы 4төн төмөн эмес толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплом (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель);
  • өзү, жакын туугандары сот жообуна тартылган болбошу зарыл;
  • өзүндө, жакын туугандарында чет мамлекеттин жарандыгы болбош керек.

Документтердин тизмеси жана тандоо жол-жобосу тууралуу маалымат УКМКнын www.gknb.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган.