Ашууларда абал айтылды: Каттам бар, чектөө жок

10:05, 28 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 28-январга карата бардык унаа жолдордо жана ашууларда каттам үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, каттам бар.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, каттам бар.

Мекеме кышкы жол шарттарын эске алып, унааңызды кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.