10:35, 28 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Ош облустук административдик сотунун кызматкерлери документтерди жасалмалоо жана соттун аппаратына жалган кызматкерлерди жумушка орноштурууну уюштурушканы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык , сот кызматкерлери «өлүк жандарды» жасалма жол менен жалдоо схемасын уюштурушкан жана жеке кызыкчылык үчүн документтерди жасашкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада Ош облусунун административдик сотунун аппаратынын Канцелярия башчысы жана жооптуу кызматкерлери кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.