ЖК төрагасы багыт берди: «Жаңы гимн маршка окшошпошу керек»

11:08, 28 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңештин бүгүн, 28-январдагы жалпы жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу тиешелүү комитет кечээ жаңы гимн боюнча сунуштарды укканын белгиледи.

«Биз гимндин музыкасын жана текстин уктук, бирок ачыгын айтканда, алардын бири да татыктуу эмес экен. Ошондуктан, гимн боюнча сунуштарды жалпы жыйынга алып чыкпастан, комитеттин деңгээлине кайтаруу чечими кабыл алынды. Биздин максатыбыз жөн гана бар болгон гимнди өзгөртүү эмес, аны татыктуу гимн менен алмаштыруу болуп саналат. Азыркы учурда көп адамдар гимндерди марш катары жазышат, бирок баары эле марш ырдай алышпайт. Музыка эркин стилде жазылышы керек, ошондо гимн расмий иш-чараларда гана эмес, маараке, майрамдарда да ырдалат. Мен бардык жарандарды кийинки сынакка катышып, өз версияларын тапшырууга чакырам. Баалуу сыйлыктар бар», — деп кошумчалады Нурланбек Тургунбек уулу.