Кар көчкү түштү! Бишкек — Ош жолу убактылуу жабылды

13:16, 28 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 28 январда саат 12:20 да Бишкек — Ош унаа жолунун 247+500 чакырымына узундугу болжол менен 50 метр бийиктиги 2 метр болгон кар кɵчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, каттам убактылуу эки тараптуу жабык.

Транспорт министрлиги. Кар көчкү түштү! Бишкек — Ош жолу убактылуу жабылды
Учурда № 23 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдɵ.

Кошумча маалымат берилет.