АКШ Париж климаттык келишиминен расмий түрдө чыкты. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы билдирди.
БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын катчылыгы чечим 27-январда — Трамптын администрациясы БУУга тиешелүү билдирүүнү тапшыргандан бир жыл өткөндөн кийин күчүнө киргенин жарыялады.
Эске сала кетсек, Дональд Трамп 2025-жылдын январь айында инаугурация күнү келишимден чыгуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Париж келишими глобалдык жылуулукту чектөөгө жана климаттын өзгөрүшүнүн эң кыйратуучу кесепеттеринин тобокелдиктерин азайтууга багытталган.
Келишимден чыгуу АКШ парник газдарынын чыгарылышын азайтуу боюнча милдеттенмелерине милдеттүү эмес дегенди билдирет. Америкалык тарап ошондой эле эл аралык климаттык конференцияларга катышууну токтотот. Андан тышкары, бул чечим аз өнүккөн өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана анын кесепеттеринен коргоого жардам берүү программаларын каржылоонун кыскарышына алып келиши мүмкүн.
АКШ дүйнөдө Кытайдан кийинки экинчи ири парник газдарын чыгаруучу өлкө болуп саналат. БУУнун эсептөөлөрүнө ылайык, эгерде азыркы глобалдык климаттык саясат улана берсе, 21-кылымдын аягына чейин орточо глобалдык температура өнөр жайга чейинки деңгээлден болжол менен 2,8 градус Цельсийге жогорулашы мүмкүн. Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, АКШнын келишимден чыгышы бул көрсөткүчтү болжол менен 0,1 градус Цельсийге жогорулатышы мүмкүн.
Бул АКШ Дональд Трамптын тушунда Париж климаттык келишиминен экинчи жолу чыгып жатат. Анын биринчи мөөнөтүндө АКШ да келишимден чыгып кеткен, бирок Жо Байдендин администрациясынын тушунда ага кайрадан кошулган.
Мурда Дональд Трамп АКШнын 66 эл аралык уюмду каржылоосун жана катышуусун токтотуучу документке кол койгон.
АКШ ошондой эле ДСУдан расмий түрдө чыгып кетти.


