Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда коомчулук акыркы күндөрү көптөгөн божомолдорду жараткан автомектептерди реформалоо жана айдоочулук күбөлүк алуу тартибин активдүү талкуулап жатканын билдирди.
«Автомектептер жана айдоочулук күбөлүктөр боюнча акыркы күндөрү коомчулукта көп талаш-тартыштар болуп жаткан. Бүгүн президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде бул маселелердин себептерин ачык жана кеңири түшүндүрүп берди.
Буга чейин иштеп келген айрым жеке автомектептердин өкүлдөрү интернет аркылуу каршылык көрсөтүп, так эмес маалыматтарды таратып, журналисттерди сүйлөтүп жатышты эле. Менин оюмча, президенттин бүгүнкү маеги ошол бардык талаш-тартыштарга чекит койду.
Дагы бир маанилүү жагдайды тактап кетейин. Ошол эле каршылык кампаниясын уюштуруп жаткандар «айдоочулукка окутуунун баасы 100 миң сом имиш, 200 миң сом болот экен» деген ушактарды таратып келишти. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Азыр эле окутуунун баасы боюнча 19 миң сом болуп расмий чечим кабыл алынды, ал эми практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрөт.
Бул мурдагы жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу бир топ арзан. Жеке автомектептерде окуунун жана практикалардын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегереги болчу экен», — деди ал.


