Олимпиада −2026: Италиядагы кышкы оюндарга орусиялык 13 спортчу катышат

07:45, 29 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Орусиялык он үч спортчу Италиядагы кышкы Олимпиада оюндарына катышат. Мындай аз сандагы курам 1908-жылы гана болгондугун Meduza басылмасы жазып чыкты.

Катышуучулардын тизмесин Россиянын улуттук курама командаларынын спорттук машыгуу борбору жарыялап, Эл аралык Олимпиада комитети Олимпиада оюндарына лицензия алган 13 орусиялык спортчуну тандап алганын жарыялады.

Он үч спортчу — бул 100 жылдан ашык убакыттан бери Олимпиада оюндарындагы орусиялык спортчулардын эң аз саны. Спорт агенттигинин маалыматы боюнча, Орусия империясынан алты спортчу катышкан 1908-жылкы Лондондогу жайкы оюндарда гана болгон.

Эске салсак, 2026-жылкы Олимпиада оюндары 6-февралдан 22-февралга чейин Миланда жана Кортина-д’Ампеццо лыжа базасында өтөт. Орустар нейтралдуу түрдө катышат.