Бишкек жана Чүйдү коюу туман каптайт

09:29, 29 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Гидрометеорологиялык кызматтын маалыматы боюнча, жакынкы үч саат ичинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө туман түшүшү күтүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аба ырайынын начарлашына байланыштуу жолдордо көрүү мүмкүнчүлүгү 500 метрге чейин төмөндөшү божомолдонууда.

Фото Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ӨКМ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү коопсуздук чараларын сактоого, жолдордо кунт коюп көңүл бурууга жана мүмкүн болушунча тумандуу шартта алыс жолго чыкпоого чакырат.