Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

10:02, 29 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

29-январдан 31-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкү төмөнкү аймактарда түшүүсү мүмкүн:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуда;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 65-101 чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
  • Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгы эскертилет.