Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн алкагында жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо максатында авторлорду жана иштеп чыгуучуларды тандоо боюнча сынак өткөрдү.
Маалыматка ылайык, сынак «Кыргыз тили» (1—12-класстар), «География» жана «Тарых» (7—12-класстар) предметтери боюнча эки этапта уюштурулду.
Биринчи этапта атайын түзүлгөн калыстар тобу катышуучулардын резюмелерин, кесиптик тажрыйбасын, илимий-методикалык эмгектерин жана компетенттүүлүгүн баалады.
Экинчи этапта талапкерлер берилген тапшырманын негизинде иштелип чыккан долбоорлорун офлайн жана онлайн форматта презентациялап, коргошту.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
- «География» предмети боюнча 10 арыз кабыл алынып, 10 автор тандалды;
- «Тарых» предмети боюнча 16 арыз кабыл алынып, 8 автор тандалды;
- «Кыргыз тили» предмети боюнча 24 арыз кабыл алынып, 5 автор тандалып алынды.
Сынактын жыйынтыгына ылайык «Кыргыз тили» предмети боюнча кошумча авторлорду тартуу зарылдыгы аныкталды.
Белгилей кетсек, 2025/26-окуу жылында 12 жылдык программага өтүүгө байланыштуу бир катар сабактар үчүн STEM, математика жана англис тили боюнча жаңы окуу китептери даярдалган.


