10:09, 29 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн алкагында жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо максатында авторлорду жана иштеп чыгуучуларды тандоо боюнча сынак өткөрдү.
Маалыматка ылайык, сынак «Кыргыз тили» (1—12-класстар), «География» жана «Тарых» (7—12-класстар) предметтери боюнча эки этапта уюштурулду.
Биринчи этапта атайын түзүлгөн калыстар тобу катышуучулардын резюмелерин, кесиптик тажрыйбасын, илимий-методикалык эмгектерин жана компетенттүүлүгүн баалады.
Экинчи этапта талапкерлер берилген тапшырманын негизинде иштелип чыккан долбоорлорун офлайн жана онлайн форматта презентациялап, коргошту.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
Сынактын жыйынтыгына ылайык «Кыргыз тили» предмети боюнча кошумча авторлорду тартуу зарылдыгы аныкталды.
Белгилей кетсек, 2025/26-окуу жылында 12 жылдык программага өтүүгө байланыштуу бир катар сабактар үчүн STEM, математика жана англис тили боюнча жаңы окуу китептери даярдалган.