2025-жылы Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү азайган, бирок энелердин өлүмү көбөйгөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешмесинде айтылды.
Министрликтин басма сөз борборунун маалыматы боюнча, ымыркайлардын өлүм көрсөткүчү төмөндөгөн. Бул көрсөткүч 1000 тирүү төрөлгөнгө 13,5ти түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга азайган.
Ошол эле учурда ымыркайлар өлүмүнүн себептеринин түзүмү өзгөрүүсүз калган:
- биринчи орунда перинаталдык мезгилдеги оорулар — 65,7 % (1224 бала);
- экинчи орунда тубаса өнүгүү кемтиктери — 15,5 % (289 бала);
- үчүнчү орунда дем алуу органдарынын оорулары — 8,2 % (152 бала).
- Ошол эле маалда жугуштуу жана паразитардык оорулар боюнча 28,1 пайыздык өсүш катталган.
Жыл ичинде энелер өлүмүнүн 48 учуру катталган (100 000 тирүү төрөлгөнгө 34,8), бул мурунку жылга салыштырмалуу 35,4 пайызга жогору (2024-жылы 36 учур же 25,7).
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов энелер өлүмүнүн өсүшүн «башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн олуттуу белги» деп атап, бир жуманын ичинде тийиштүү чаралардын комплексин иштеп чыгууну тапшырды. Ал антенаталдык көзөмөлдүн стандарттарын сапатка басым жасоо менен кайра карап чыгуу, алгачкы звено менен стационарлардын санариптик байланышын күчөтүү, ошондой эле өзгөчө тобокелдик тобундагы кош бойлуу аялдарды так маршрутизациялоо зарылдыгын белгиледи.
Телемедициналык кеңеш берүүлөрдү кеңейтүү жана пренаталдык скринингди киргизүү тапшырылды. «Оорулардын алдын алуу, өз убагында ооруканага жаткыруу жана квалификациялуу жардамга жеткиликтүүлүк артыкчылык болушу керек», — деп баса белгиледи министр.


