12:12
USD 87.45
EUR 104.78
RUB 1.15

Зеленский Путин менен жолугушууга даяр: Кремлдин жообу

Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Владимир Зеленский даяр болсо, Москвага Владимир Путин менен жолугушууга келе аларын жана анын коопсуздугу кепилденерин билдирди.

Анын айтымында, бул маселе орус лидери менен АКШнын президенти Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө бир нече жолу талкууланган.

«Биз мындай байланыштардан эч качан баш тарткан эмеспиз жана баш тартпайбыз. Эң негизгиси, бул байланыштар жакшы даярдалган, бул биринчиден, экинчиден, алар конкреттүү оң натыйжаларга жетүүгө багытталган. Эгер Зеленский чындап эле жолугушууга даяр болсо, биз аны Москвага чакырабыз жана анын коопсуздугуна жана зарыл болгон жумуш шарттарына кепилдик беребиз», — деди Юрий Ушаков.

2025-жылдын күзүндө Владимир Путин Украинанын президентин Москвага сүйлөшүүлөргө чакырган, бирок ал баш тарткан.

Эскерте кетсек, Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибиха мурда Владимир Зеленский Запорожье атомдук электр станциясынын айланасындагы аймактарды жана кырдаалды талкуулоо үчүн орус лидери менен жолугушууга даяр экенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар