13:44
USD 87.45
EUR 104.78
RUB 1.15

Бакай-Ата конушунда эки бала сууга чөгүп, каза болду

Бишкектеги Бакай-Ата турак конушунда мурда дайынсыз жоголгон эки баланын (9 жаштагы кыздын жана 6 жаштагы баланын) сөөгү табылды.

Буга чейин ата-энелер социалдык тармактарда издөө иштерине жардам сурап кайрылышкан. Балдар саат 17:00 чамасында сейилдеп чыгып, үйүнө кайтып келбегени кабарланган. Издөө иштерине кошуналар, туугандары жана аймактын тургундары кошулган.

Саат 21:00 чамасында Бакай-Ата конушуна милиция жана тез жардам кызматтары келип, издөө-куткаруу иштерин башташкан. Түнкү саат 12:00гө жакын балдардын сөөктөрү жакын жердеги суудан табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, өлүмдүн себеби сууга чөгүп кетүү болгон.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, балдар бул көлмөгө көп келишет. Айрыкча муз үстүндө коньки тебүү үчүн да барышат. Тургундар ошондой эле көлмө мурда күл төгүүчү жай катары колдонулганын, бул кошумча коркунуч жаратышы мүмкүн экенин айтышат.

Окуя болгон жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери болушкан. Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган, кырсыктын жагдайлары иликтенип, алдын ала тергөө иштери жүрүп жатат.

Укук коргоо органдары ата-энелерди балдарынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга жана аларды кароосуз калтырбоого, айрыкча кооптуу объектилердин жанында калтырбоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар