09:13, 30 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Бишкектеги «Баят» базарында өрт чыкты. Өрт тууралуу маалымат кечинде, саат 23:50дө Өзгөчө кырдаалдар кызматына келип түшкөн.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүү үчүн төрт өрт өчүрүүчү бригадасы Биринчи май райондук № 4 ӨКБдан 2 бөлүм, № 8 АӨКБдан 1 бөлүм, буга кошумча Свердлов районунан 1 бөлүм тартылган.
Жеринде жалпы 4 бөлүм жана штаб тилсиз жоо менен күрөшүп, өрттү чектөөгө алышты