02:03
USD 87.45
EUR 104.39
RUB 1.16

Былтыр Кыргызстанда 11 миңден ашык жол белги чыгарылды

2025-жылы Транспорт министрлигинин алдындагы мамлекеттик мекеме болгон Өндүрүш жана инновация борбору 11 386 жол белгисин чыгарган. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол белгиден тышкары 10 миң даана катафот, полимердик-порошок менен сырдалган 8 миң 271 мамыча боёлуп даярдалды.

Белгилей кетсек, «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси тарабынан Жол тейлөө ишканаларына келишимдин негизинде керектүү жол белгилер берилүүдө. Учурда бир катар Жол тейлөө ишканалары тарабынан эски жол белгилер алынып, жаңы жол белгилер орнотулуп келет.

Эң көп окулган жаңылыктар