Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубай эмиратынын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бүткүл дүйнөлүк өкмөттүк саммитке (World Governments Summit) катышуу үчүн БАЭге жумушчу сапары менен барат.
Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Саммиттин ишине катышат, БАЭнин жогорку жетекчилиги жана бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддордун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эмират тарап менен эки тараптуу документтерге кол коюу жана Саммиттин алкагында БАЭнин жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда «Кыргызстандын экономикалык өсүү модели «Ак илбирс»: Өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу сайд-ивент өткөрүү пландаштырылууда


