Италияда өтө турган XXV кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын эки спортчу коргойт. Бири тоо лыжасынан Тимур Шакиров жана лыжа менен жарышууда Артур Сапарбеков барат.
6-февралдан 22- февралга чейин Италияда спорттук мелдештердин туу чокусу болгон Кышкы Олимпиада башталат.
Бир кылымдан ашык тарыхы бар кышкы Олимпиада биринчи жолу бир өлкөнүн эки шаарында өтөт. Италиядагы Милан менен Кортина-д’ Ампеццодо.
Миланда, жабык аренада өткөрүлүүчү оюндар болсо, Кортинада тоо лыжасы, бобслей, чана менен жарышуу, керлинг, биатлон сыяктуу мелдештер өткөрүлөт.
Гендердик баланс дээрлик бирдейлигинде, спортсмендердин 47%ин аялдар, 53%ин эркектер түзүп. Мындай көрсөткүч кышкы Олимпиаданын тарыхында биринчи жолу болууда.
93 өлкөдөн 3000 миңдей спортсмен спорттун туу чокусунда өз бактыларын, мүмкүнчүлүктөрүн сынайт.
Олимпиадалык спорттун 8 түрүнөн (көркөм муз тебүү, хоккей, биатлон, лыжа жарышы, керлинг, сноуборд, коньки менен жарышуу жана чана спорту) андагы 16 дисциплина боюнча 116 медаль тапшырылат.
Эң көп спортчу катышкан өлкөлөр:
- Эң көбү АКШдан, 233 спортсмен(118и эркектер, 115и аялдар).
- Канада, 207 спортсмен (99у эркек, 85и аялдар).
- Италия 190 спортсмени менен (100 эркек, 90 аял).
- Германиядан 184 спортсмен (99у эркек, 85и аялдар).
- Франциядан 156 спортсмен (86сы эркек, 70и аялдар)
- Япония 120 спортсмени менен баратат (47 эркек, 53ү аялдар)


