Кышкы Олимпиада-2026: Кыргызстандан эки спортчу катышат

10:14, 02 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Италияда өтө турган XXV кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын эки спортчу коргойт. Бири тоо лыжасынан Тимур Шакиров жана лыжа менен жарышууда Артур Сапарбеков барат.

6-февралдан 22- февралга чейин Италияда спорттук мелдештердин туу чокусу болгон Кышкы Олимпиада башталат.

Бир кылымдан ашык тарыхы бар кышкы Олимпиада биринчи жолу бир өлкөнүн эки шаарында өтөт. Италиядагы Милан менен Кортина-д’ Ампеццодо.

Миланда, жабык аренада өткөрүлүүчү оюндар болсо, Кортинада тоо лыжасы, бобслей, чана менен жарышуу, керлинг, биатлон сыяктуу мелдештер өткөрүлөт.

Гендердик баланс дээрлик бирдейлигинде, спортсмендердин 47%ин аялдар, 53%ин эркектер түзүп. Мындай көрсөткүч кышкы Олимпиаданын тарыхында биринчи жолу болууда.

93 өлкөдөн 3000 миңдей спортсмен спорттун туу чокусунда өз бактыларын, мүмкүнчүлүктөрүн сынайт.

Олимпиадалык спорттун 8 түрүнөн (көркөм муз тебүү, хоккей, биатлон, лыжа жарышы, керлинг, сноуборд, коньки менен жарышуу жана чана спорту) андагы 16 дисциплина боюнча 116 медаль тапшырылат.

Эң көп спортчу катышкан өлкөлөр:

  • Эң көбү АКШдан, 233 спортсмен(118и эркектер, 115и аялдар).
  • Канада, 207 спортсмен (99у эркек, 85и аялдар).
  • Италия 190 спортсмени менен (100 эркек, 90 аял).
  • Германиядан 184 спортсмен (99у эркек, 85и аялдар).
  • Франциядан 156 спортсмен (86сы эркек, 70и аялдар)
  • Япония 120 спортсмени менен баратат (47 эркек, 53ү аялдар)