Камчыбек Ташиев Нарындагы ооруканаларга 20 жаңы кызматтык унаа тапшырды

11:17, 02 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Нарын облусундагы жергиликтүү медициналык ооруканаларга жыйырма жаңы кызматтык унаа тапшырылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилерине ачкычтарды тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Камчыбек Ташиев унааларды тапшырып жатып медицина тармагы өзгөчө көңүл бурууга муктаж экенин белгилеп, элдин саламаттыгы чың болсо, өлкөнүн келечеги бекем болоорун айтты.

УКМК басма сөз кызматы. Камчыбек Ташиев Нарындагы ооруканаларга 20 жаңы кызматтык унаа тапшырды
«Саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз. Анткени жарандарыбыз, элибиз муктаж болгон эң негизги тармактардын бири болуп саналат. Бүгүн мына Нарын облусундагы медициналык мекемелердин автоунаага болгон муктаждыктарын жоюп, аларга керектүү унааларды белек кылып берип жатабыз. Ар бир унаа эл үчүн, алардын саламаттыгы үчүн кызмат кылышы керек! Калктын ден соолугу башкы орунда», — деди ал.

Белгилей кетсек, унаалар облустук жана райондук ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилет. Облустук медициналык мекемелерде буга чейин кызматтык унаалардын жетишсиздиги күч болуп, калкка тез жана ыкчам жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктар болуп келген.