Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

11:34, 02 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-февралда Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында;
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.