14:22, 02 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстан боюнча жайыттардын абалын ыкчам баалоо үчүн атайын методикалык колдонмо иштелип чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз илимий-изилдөө мал чарбачылыгы жана жайыт институтунун жайыттар жана тоюттар бөлүмүнүн башчысы Наталья Килязова билдирди.
Анын айтымында, ыкма Кыргызжайыт, Жайыттар жана тоюттар институту жана Жайыт чарбасынын ветеринардык кызматы менен биргеликте иштелип чыккан. Анда негизги индикаторлор катары өсүмдүктүн абалы, деградация белгилери, отоо чөптөрдүн, бадалдардын жайылышы жана таштуулук каралган. Бир жер тилкесин 30–40 мүнөттө баалап, жайыттын абалын так аныктоого мүмкүн.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Сусамыр өрөөнүнүн жайыттары негизинен жакшы абалда, өсүмдүккө бай жайыттарга кирет. Ошол эле учурда айрым аймактарда карагана (алтыгана) бадалынын активдүү жайылып жатканы байкалууда. Бул көйгөйдү биринчи болуп жергиликтүү тургундар көтөрүшкөн.
Адистер караганага каршы химиялык жана механикалык ыкмаларды сыноодон өткөрүштү. Эң аз уулуу глифосат камтыган гербициддер түз, тосулган участоктордо колдонулуп, оң жыйынтык берди. Карагана жок кылынган учурда тоют өсүмдүктөрү сакталуу калып, жайыт эс алдырылса, бир жыл ичинде калыбына келери аныкталды. Ошондой эле бадалды тамыры менен жулуп, көп жылдык чөптөрдү себүү ыкмасы да колдонулууда.
Министрлик белгилегендей, караганага каршы чаралар экосистемага зыян келтирбестен, так жана максаттуу жүргүзүлөт. Жайыттарда негизинен тоют чөптөрү үстөмдүк кылышы керек, анткени карагана малдын эркин жайылышына тоскоол болуп, коопсуздукка коркунуч жаратат. Бул багыттагы иштер жайыттарды сактоо жана деградациянын алдын алуу максатында улантылат.