№ 13 округда кайрадан шайлоо. БШК 25 талапкерди каттады

15:07, 02 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы № 13 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктады. Жалпысынан 25 талапкер катталды (эркектер — 15, аялдар — 10).

Катталган талапкерлер бюджетке 7 млн сом шайлоо төгүмүн төлөштү.

2026-жылдын 1-мартына белгиленген № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин 31 жаран билдирген.

Алардын ичинен 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, 1 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.

Эске салсак, кайра шайлоо 1-мартта өтөт.