09:48, 03 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Эл аралык телефон алдамчыларына жардам берүүчү негизги канал Кыргызстанда жок кылынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда уюлдук операторлордун WhatsApp, Telegram жана Lalafo мобилдик мессенджер аккаунттарын активдештирүү менен алектенген адамдардын укукка каршы ишмердүүлүгүнө, ошондой эле жарандардын банк карталарын сатууга көндүргөн шылуундардын иш-аракетине бөгөт коюлду.
Алар аккаунттар жана банк карталары Telegram мобилдик мессенджери аркылуу «скамерам» деп аталган эл аралык алдамчыларга сатылып, жарандардын каражаттарын алдап алуу максатында үн менен «фишинг» манипуляцияларын жүргүзүшкөн.
Тактап айтканда, өздөрүн УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган «телефон алдамчылары», анын ичинде башка мамлекеттик кызматкерлердин атынан жарандарга телефон чалып, аларды террористтик уюмдарга катышы бар деп айыптап, террористтик уюмдарды каржылагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутушкан.
Кылмыш ишинин алкагында төмөнкү адамдар кармалган:
Учурда УКМК өлкө аймагындагы телефон алдамчыларынын башка шериктерин аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларды улантууда.
Атайын кызмат мобилдик мессенжер аккаунттарын, банк карталарын жана тиркемелерди башка өлкөлөрдө жайгашкан үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө же сатууга тыюу салынаарын, айрым учурларда бул аракеттер алдамчылыкка жана башка кылмыштарга кошо катышуу катары квалификацияланышы мүмкүн жана бул үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.