2025-жылы ар кандай объектилерди курууга республикалык бюджеттен 15,5 миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул максаттарга 2024-жылы 11,6 миллиард сом бөлүнгөн.
«Учурда өлкө боюнча 668 объект курулуп жатат. Өткөн жылы 291и бүткөрүлгөн, ал эми 2024-жылы 230у курулган. 2025-жылы 129 мектеп курулган, ал эми 2024-жылы 100 мектептин курулушу аяктаган. Өткөн жылы 60 бала бакча курулуп бүтсө, 2024-жылы 45 бала бакча курулган», — деди министрдин орун басары.
Депутаттар Курулуш министрлигинин жумуш жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баа саясаты, ошондой эле курулуш тармагындагы баалардын жогорулашы боюнча маалыматын угуп жатышат.


