14:28, 03 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2026-жылдын январь айында 3346 пенсиялык ишти караган.
Алардын ичинен 2541 жаранга биринчи жолу пенсия дайындалган. Ал эми 805 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген (эмгек стажы, эмгек акысы, билими жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде).
Пенсиялар боюнча суроолоруңуз болсо, 1202 номерине чалыңыз.