Ашуулардагы абал: Жол тазалоо иштери жүрүүдө

10:33, 04 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Фото Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы. Ашуулардагы абал: Жол тазалоо иштери жүрүүдө
Бүгүн, 4-февралга карата өлкө аймагындагы автомобиль жолдорунда жана ашууларында жолдор ачык, каттамдар бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Мааалыматка ылайык, Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун Чапчыма, Төө-Ашуу, Өтмөк, Ала-Бел Көк-Бел, Долон, Чар, Ак-Бейит, Туз-Бел, Кубакы, Кызыл-Бел ашууларында жана Боом капчыгайында каттам үзгүлтүксүз уланууда.

Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, ошондой эле кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү жүргүзүп жатышат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыс жолго чыккан айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.