11:15, 04 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өткөрүлөт: 1-апрелге чейин декларацияны юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ал эми 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырышат.
1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү:
1-майга чейин төмөнкүлөр декларация тапшырууга тийиш:
Салык декларациясы Cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө берилет.
Белгилей кетсек, декларацияда кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк объектилери, жер тилкелери, ошондой эле отчеттук мезгил үчүн төлөнгөн салыктык милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлүүгө тийиш.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.