Башкорстандын эң атактуу «Ай Йола» тобу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болду. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, музыкалык топтун чыгармачылыгы байыркы башкир эпосунун «Урал-батыр» чыгармасына негизделген. Аны трио салттуу аспаптарды, жандуу аткарууну жана электрондук музыканы айкалыштырып, заманбап музыкалык үн менен кайрадан чечмелейт.
«Ай Йола тобу өзүнүн чыгармалары аркылуу дүйнөгө бул жерде жаралган баалуулуктар жөнүндө айтып берет. Аларды бүгүнкү күндөгү угармандар үчүн түшүнүктүү кылат. Элчилер программасынын алкагындагы топ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын маданий жана маалыматтык демилгелерде көрсөтүп, салттуу маданияттын заманбап эл аралык имиджин калыптандырат», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин эки жолку Олимпиада оюндарынын байге ээси жана эркин күрөш боюнча дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова дагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болгону кабарланган.
Эске сала кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Уюштуруу комитетинин маалыматы боюнча, ачылыш аземи Бишкекте өтөт. Оюндардын өзү жана жабылыш аземи Ысык-Көл аймагында уланат. Ага 100 өлкөдөн коноктор катышат деп күтүлүүдө.


