Бишкек — Ош жолунда кар көчкүлөр атайын атып түшүрүлүүдө

15:08, 04 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

4-февралдан 8-февралга чейин Бишкек — Ош унаа жолунун Өтмөк тилкеси, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иштерин жүргүзүү үчүн атайы ыкчам топ жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай аракет жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо максатында ишке ашырылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү алыска сапарга чыгууда белгиленген жол белгилерине жана убактылуу коюлган тосмолорго көңүл буруп, жол эрежелерин так сактоого чакырат!

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.