15:48
USD 87.45
EUR 103.45
RUB 1.14

Кыргызстан дүйнө коомчулук көңүлүн Ысык-Көлдөгү климаттык тобокелдиктерге бурду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Эргешович Төрөбаев Дубай шаарында өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммити алкагындагы форумда сүйлөп жатып, климаттын өзгөрүшү Ысык-Көл көлгө терс таасирин тийгизип жатканына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

Маалыматка ылайык, аткаминер өз сөзүндө Ысык-Көл регионалдык мааниге ээ болгон уникалдуу экосистема гана эмес, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын эң маанилүү социалдык-экономикалык жана табигый ресурстарынын бири экенин белгиледи. Бирок соңку ондогон жылдарда көл олуттуу климаттык чакырыктарга туш болуп келет.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, XIX кылымдын ортосунан бери Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли дээрлик 14 метрге тартылып, көлдөгү суунун жалпы көлөмү болжол менен 85 миллиард метр кубга азайган. Ошондой эле көлгө куя турган дарыялардын саны да кыйла кыскарган. Бул көрүнүш мөңгүлөрдүн эриши, гидрологиялык режимдин өзгөрүшү жана суу керектөөнүн көбөйүшү менен түздөн-түз байланыштуу.

Министр Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли мындан ары да төмөндөй берсе, бул экологиялык жана социалдык-экономикалык ири кесепеттерге, анын ичинде биологиялык ар түрдүүлүккө, туристтик потенциалга жана аймак калкынын жашоо-турмушуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасы Ысык-Көлдү сактоо маселесин глобалдык климаттык жана суу күн тартибинин бир бөлүгү катары карайт жана кыска мөөнөттүү чаралардан узак мөөнөттүү, илимий негизделген жана инвестицияга багытталган чечимдерге өтүүнү жактайт.

Ушуга байланыштуу Бакыт Төрөбаев суу ресурстарын туруктуу башкаруу жаатында эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө, климат, суу жана экосистема маселелерин өз ара айкалышта кароого, ошондой эле уникалдуу жаратылыш объектилерин сактоого багытталган биргелешкен долбоорлорду колдоого дүйнөлүк коомчулукту чакырды.

Кыргызстан суу экосистемаларын коргоо жана туруктуу суу келечегин калыптандыруу маселелеринде ишенимдүү өнөктөш болууга даяр экенин ырастады.

Эң көп окулган жаңылыктар
5-февраль, бейшемби