11:03, 05 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Азат Салмурбек уулу Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал бул кызматка 2025-жылдын 14-октябрында дайындалган. Ал эки жыл бою Токмок шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеген.
Президенттин дагы тескемеси менен Азат Салмурбек уулунун ордуна Исаков Алмазбек Карыпович Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.