13:04, 05 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
АКШда 2023-жылдан бери Интерполдун «Кызыл эскертүүсү» боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 1979-жылы туулган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери АКШдагы Баңгизаттар менен күрөшүү департаменти менен биргеликте 47 жаштагы Ы.М. аттуу Кыргыз жаранын кармашкан. Ал 2023-жылдан бери алдамчылыкка шектелип, эл аралык издөөгө алынган. Ал ири көлөмдөгү алдамчылык боюнча айыпталууда.
"Шектүү мунайзаттарды сатуу менен алектенген уюмдардын биринде жетекчи кызматта иштеген А.Ч. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, күйүүчү майды уурдоого катышкан. Анын натыйжасында 1536 тонна күйүүчү май уурдалып, 51 миллион 780 миң 387 сомдук зыян келтирилген",- деп билдирди ИИМ.
Министрлик АКШдан издөөдө жүргөн 8 жаран экстрадициялоо жол-жобосунан өтүп жатканын, алардын ичинен 3 жаран алынып келгенин кошумчалады.