10:05, 06 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 6-февралда Италияда спорттук мелдештердин туу чокусу болгон Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы болот.
Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи — бул унутулгус шоу, улуттук курамалардын парады жана чоң спорттун башталышы болуп саналат.
Негизги майрамдык иш-чаралар Миландагы «Сан-Сиро» Олимпиадалык стадионунда өтөт. Бирок, уюштуруучулар бир нече жерлерди колдонууну чечишти. Спортчулардын парады Кортина-д’Ампеццо, Предаццо жана Ливиньодо шаарларында өтөт. Бул спортчулардын ыңгайлуулугу үчүн жасалды, анткени алардын мелдеш тартиби тыгыз болгондуктан, Миланга келе алышпай калат.
6-февралдан 22- февралга чейин созула турган Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын эки спортчу коргойт. Бири тоо лыжасынан Тимур Шакиров жана лыжа менен жарышууда Артур Сапарбеков барат.
Ачылыш салтанатын Утрк Спорт каналынан 6-февралдан 7-февралган караган түнү саат 1:00дө түз эфирде көрө аласыздар.
Эске салсак, Олимпиада оюндарында 93 өлкөдөн 3000 миңдей спортчулар өз бактыларын сынайт.
Олимпиадалык спорттун 8 түрүнөн (көркөм муз тебүү, хоккей, биатлон, лыжа жарышы, керлинг, сноуборд, коньки менен жарышуу жана чана спорту) андагы 16 дисциплина боюнча 116 медаль тапшырылат.