11:39, 06 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 35 даана атайын техника сатып алат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын жана тармакты өнүктүрүүгө багытталган пландардын алкагында, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана энергетиктердин ишмердүүлүгүнө шарт түзүү максатында тармактын автопаркын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.
Сатылып алына турган техникалардын тизмеси:
Бул техникалар тармактын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана тармактын материалдык-техникалык базасын күчөтүүгө жардам берет.
Эске салсак, 2025-жылы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому өздүк каражатынын эсебинен 140 атайын техника сатып алган.