11:47, 06 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстанда Орозо 19-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул чечим Өзбекстандын Самарканд шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңеши тарабынан кабыл алынды.
Ага ылайык, 18-февраль күнү кечинде өлкө аймагындагы жалпы мечиттерде тараба (таравих) намазы окулат.