Кыргыстандын Улуттук банкы 2026-жылы экинчи валюта интервенциясын жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 6-февралда жөнгө салуучу орган банктар аралык рынокто 109,95 миллион доллар саткан. Анын ичинен 65,5 миллион доллары ошол эле күнү эсептешүү менен бүтүмдөргө, ал эми 44,45 миллион доллары бүтүм жасалган күндөн башка күнү эсептешүү менен бүтүмдөргө туура келген.
Ушул жылдын башынан берки жалпы сатуу көлөмү 244 миллион долларды түздү.
Эскерте кетсек, Улуттук банк 2026-жылдагы биринчи интервенциясын 19-январда жүргүзүп, банктар аралык рынокто 134,05 миллион доллар саткан.
Өткөн жылы жөнгө салуучу орган сегиз интервенция жүргүзүп, жалпысынан 853 миллион доллар саткан. Сатылган валютанын эң көп көлөмү декабрь айында болгон — 179,5 миллион доллар.


