«Кашка-Кулак» лыжа базасында бир кыз капчыгайга кулап, реанимацияга жаткырылды

10:15, 09 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

«Кашка-Кулак» эс алуу аймагында оор кырсык катталды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-февралда саат 21:40 чамасында Аламүдүн ички иштер бөлүмүнө аталган жайда эс алып жүргөн кыздын капчыгайга кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу дароо жөнөтүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2006-жылы туулган Т.А. достору менен бирге лыжа тебүүгө барып, тоодон жогорку ылдамдыкта түшүп, жар боюна коюлган тосмону үзүп өтүп, капчыгайга кулап кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу оор жаракат алып, Бишкек шаарындагы Улуттук травматология бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Алдын ала медициналык корутундуга ылайык, кыздын эки буту, сол колу жана омурткасы сынган.

Бул факты боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөө уланууда.