Шашылыш билдирүү! Ашууларда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн
10:35, 09 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-февралда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын төмөнкү аймактарында кар көчкү күтүлөт:
- Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
- Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 65-101 чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
- Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
- Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында;
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусун кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.