Олимпиада −2026: Кыргызстандык лыжачы Артур Сапарбеков 94-орунду ээледи

08:00, 11 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандык спортчу Артур Сапарбеков Италияда өткөн биринчи Кышкы Олимпиада оюндарында жарышка чыкты. Бул тууралуу Кышкы Олимпиаданын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, коньки ыкмасы менен өткөн «спринт» дисциплинасында жалпысынан 94 спортчу катышты. Квалификациялык жарышта Сапарбеков 91-номер менен жарышка чыкты. Ал 800 метр аралыкты 2 мүнөт 23,8 секундда басып өтүп, жарышты 4 мүнөт 36,85 секундда жыйынтыктады.

Квалификация турунун жыйынтыгында алдыңкы 30 спортчу чейрек финалга чыкты. Норвегиялык Йоханнес Клаебо биринчи орунду ээледи.

Эске салсак, Артур Сапарбеков 13-февралда 10 чакырымга эркин стилдеги жарышта күч сынашат.