Шашылыш билдирүү! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

10:05, 11 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Гидрометеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.

Министрлик катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет: Өзгөчө электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуу кажет. Кандайдыр бир кырдаалга туш болгондо «112» кызматына токтоосуз билдирүү сунушталат. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.