11:03, 11 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Бир катар аткаминерлерге өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн катуу сөгүш жана эскертүү берилди. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.
Президенттин жарлыгына ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевге катуу сөгүш жарыяланды.
Ошондой эле Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабировго катуу сөгүш берилди.
Мындан тышкары, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Кадыралиевге эскертүү берилди.