19:59
USD 87.45
EUR 104.23
RUB 1.13

2026-жылы сугат жайларын оңдоого 12,3 миллиард сом каралган

Бул жылы сугат жайларын калыбына келтирүү жана оңдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 12,3 миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, бул каражаттар төмөнкүлөргө жумшалат:

  • 776 километр каналдарды оңдоо жана тазалоо;
  • 657 400 чарчы метр (112,6 километр) каналдарды бетондоо;
  • 590 гидротехникалык курулмаларды оңдоо жана калыбына келтирүү;
  • 508 суу өлчөөчү станцияларды оңдоо;
  • 91 насостук станцияны жана 170 насостук агрегатты оңдоо жана калыбына келтирүү;
  • 46 насостук агрегатты жаңыртуу;
  • 1500 электрондук суу өлчөөчү түзүлүштөрдү орнотуу;
  • 225 километр коллектордук жана дренаждык системаларды тазалоо.
  • 2025-жылы республикада 15 051 скважина катталып, 308и текшерилип, алардын 50сү ишке киргизилген. 2026-жылы планга ылайык, 83 скважинаны ишке киргизүү күтүлүүдө.

Бакыт Төрөбаев кошумчалагандай, учурда өлкө боюнча жалпы долбоордук кубаттуулугу 1 миллиард 757 миллион куб метр болгон 498 суу сактагыч бар. Топтолгон суунун чыныгы көлөмү 939,3 миллион куб метрди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 443,3 миллион куб метрге же 32 пайызга азайган.

2026-жылы 1,25 миллион гектар аянтка, анын ичинде 885 миң гектар сугат жерине себүү пландаштырылууда. Суткасына төрт-беш жолу сугаруу үчүн орто эсеп менен 6,3 миллиард куб метр суу керектелет.

Суу чарба курулуштарын сугат сезонуна даярдоо үчүн 203 бирдик суу ресурстарын тейлөөчү жабдуулар жана жергиликтүү айыл өкмөттөрүнөн болжол менен 1 миң бирдик жабдуулар пландаштырылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар