Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолунда кар көчкү түштү

16:08, 11 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 11-февралда Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолуна кар көчкү түшүп, учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкү жолдун 93-101-чакырым аралыктарына 5 жерден түшүп, учурда көчкүнүн көлөмү такталууда.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн «Жагалмай» ЖЧКсынан 4 жүктөгүч тартылып, жолду ачуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Кошумчалай кетсек, аба ырайынын шарттарына байланыштуу Чаткал районунун акиминин тескемесинин негизинде аталган унаа жолго бүгүн, 11-февралда аба ырайы турукташканга чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.