Массалык башаламандык уюштурууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-февралда интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына " президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Кыргызстанда жаңы президенттик шайлоону токтоосуз демилгелөө өтүнүчү менен 75 жарандын кайрылуусу жолдонду, ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон" деген маалымат тараган.
Аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөрү калк арасында кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан.
Бүгүн кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келип, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
Бул кылмыш ишинин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары аныкталган 1955-жылы туулган Т.Б. жана У.Э., 1960-жылы туулган Д.К. аттуу жарандар Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалган жарандардын жашаган даректерине тинтүү иштери жүргүзүлдү. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Эске сала кетсек, Бекболот Талгарбеков жаңы президенттик шайлоону тез арада өткөрүүгө чакырган жамааттык кайрылуунун демилгечилеринин бири болгон. Документке 75 адам — окумуштуулар, мурдагы премьер-министрлер, парламенттин мурдагы мүчөлөрү жана коомдук ишмерлер кол коюшкан.
Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Садыр Жапаров бөлүнүүнү болтурбоо жөнүндө айтканда, Камчыбек Ташиевди эмес, Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев жана башкаларды айтып жатканын билдирген.


