13:10
USD 87.45
EUR 104.23
RUB 1.13

Кыргызстандык дзюдочу дүйнөлүк оюндарда алтын медаль утту

Кыргызстандык дзюдочу Ислам Баялинов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Open Masters Games-2026 дүйнөлүк оюндарында алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кыргызстандын дзюдо боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Ислам Баялинов 73 кг салмак категориясында күч сынашып, таймашты 1/8 финалдан баштады.

Мелдештин жүрүшүндө 40 жаштагы спортсмен Бразилия жана Казакстандык атаандаштарын катары менен төрт беттеште жеңип, жыйынтыгында алтын медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
Фото Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында Ислам Баялинов Кыргызстандын чемпионатына катышып, күмүш медаль уткан.

Эң көп окулган жаңылыктар