Бишкекте жуманын экинчи жарымында жамгыр жаашы күтүлүүдө. Бул синоптиктердин алдын ала божомолу.
12-февралда түнкүсүн жамгыр карга айланып, температура 0°C чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Күндүз жамгыр жаап, температура 6°Cге жетиши күтүлүүдө.
13-февралда түнкүсүн да жамгыр карга айланып, күндүз жамгыр жаашы күтүлүүдө. Температура тиешелүүлүгүнө жараша −1°C жана 12°C болот.
14-февралда аба ырайы өзгөрбөйт, түнкүсүн бир аз гана жылыйт.
15-февралда асман жарым-жартылай булуттуу болот. Түнкүсүн температура 1°Cге чейин жетип, күндүзгү температура 14°Cге жетет.


