Ашууларындагы абал: Ала-Бел, Төө-Ашуу жана Өтмөктө чектөө бар

10:03, 12 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 12-февралда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда өлкө аймагындагы ашууларда кар майдалап жаап жатат. Тайгак тилкелерге инерттик материалдар себилип, атайын техникалар менен жолдор тазаланууда.

Ошондой эле кечээтен тарта Бишкек—Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Суусамыр—Талас—Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген чектөө күчүндө калууда.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы. Ашууларындагы абал
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, каршы тилкеге чыкпоого жана коопсуздук чараларын көрүүгө чакырат.